Мамлекеттик кызматкерлердин орточо маянасы 47миң сомду түздү

0
297

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы, 2022-жылдын 1-августунан тартып 58 миңден ашык бюджеттик тармактын кызматкерлери жогорулатылган маяна ала баштаганын билдирди. Алар,

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;

— мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;

— кенже техникалык кызматкерлер;

— күч түзүмүнүн штаттан тышкаркы жана жарандык персоналы.

Бул максаттарга республикалык бюджеттен 7 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 миң 879 сомдон 2022-жылы 47 миң 953 сомго чейин өстү, — деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here