Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Падышачылыгына, ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ханыша Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта падышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, кечээ 8-сентябрда Елизавета II 96 жашында дүйнө салды.
Елизавета II эң узак тактыда отурган ханыша болду. Ал мамлекетти 70 жыл башкарып турган.
Анын каза болгондугуна байланыштуу, Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болду.
“Ханыша каза болгон учурда британдын таажысы, эч кандай салтанаты жок анын мураскору, Уэльстин мурдагы ханзаадасына өткөрүп берилди.
Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазды.