Кечээ, 17-июлда Баткен шаардык мэриясында 30 дан ашуун жаранга жер тилкеси үчүн кызыл китеп тапшырылды. Бул боюнча шаардык бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, жер мунапысы багытында иш-чаралар башталгандан бери жалпы 36 протокол кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарында 1068 арыз келип түшкөн. Ошондой эле коомдук пайдалануучу жерлерге курулуш куруп алган 92 жарандын арыздары кайтарылган.
Бүгүнкү күндө 2022-жылдын 31-майынан тарта 1024 жарандын 99,2 гектар жер аянттары мыйзамдаштырылып, мэриянын токтому менен бекитилди.
Архитектура тарабынан 611 жаранга корутундулар берилген, ал эми Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Баткен филиалы 328 жаранга мамлекеттик каттоо актылары жана 309 жаранга техникалык паспортторду тапшырды.