Кадамжайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

0
346

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел суулары жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум шагалга толтурган. Ошондой эле 7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 бакчага сел суулары кирген.

Жеринде 10 куткаруучу сел сууларын сордуруу жана сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүздү.

«Селден жабыркагандар жок. Кадамжай райондук ӨКБнүн башчысы баштаган ыкчам топ жана жергиликтүү бийликтен жети жаран, бир мотопомпа, тогуз техника  аймакта сел кесепеттерин жоюу иштерин аткарып жатат. «Дугаба» эс алуучу жайына кеткен жолду калыбына келтирүүгө да атайын техникалар тартылат», — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here