Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаровдор баштаган жетекчилер, Кадамжай районунда жайгашкан, кыргыз элинен чыккан алгачкы агартуучу, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун музей комплексине барышты.
Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, жетекчилерге “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун жетекчиси Айтмат Аззамжан уулу, акындын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы, тууралуу кенен маалымат берди.
2023-жылы Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген. Акындын 19-кылымдагы мектеп-үңкүрү реконструкцияланып, туристтик жайга айланды — деп айтылат маалыматта.
Бул иш аракет эки элдин ортосундагы урмат сыйдын жогорулоосуна, ынтымагынын бекемделүүсүнө өбөлгө түзөөрүн белгилешкен.