Облустук бийликтен билдиришкендей, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы эл аралык мааниге ээ «Жийделик-Ак-Кыя» жолуна асфальт төшөлүүдө. Узундугу 12 чакырым болгон бул жол, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен реконструкцияланып жатат.
Жолдун курулушу менен Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров кабар алып, бул жол чектеш жашаган кыргыз-өзбек эли үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Ошондой эле, аталган жолдо 12 чакырым аралыкка жөө адамдар үчүн жол жана үч мектептин алдына жол чырактар орнотулат. Бул жол кыргыз-өзбек жарандары эң көп каттаган жол болуп саналат, анткени алар Өзбекстандын Шахимардан аймагына жана Кыргызстандын Дугаба, Курбан-Көл эс алуу аймактарына катташат.