Кадамжайда Кайтпас-Өтүкчү жолундагы көпүрөнүн ачылышы жасалды

0
630

Кечээ, 16-июль күнү Кайтпас-Өтүчү унаа жолунун 24,7-чакырымында жайгашкан Кожешкен дарыясы аркылуу өткөн көпүрө, капиталдык оңдөп-түзөөдөн өтүп, ачылышы жасалды. Ачылышка  Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптуу бийлик өкүлдөрү, жергиликтүүлөр катышты. 

Облустук бийликтин маалыматы боюнча, Кожешкен дарыясындагы көпүрө 72 метр узундукта жана 12 метр туурасы менен курулуп, авариялык абалда болгондуктан, 2023-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 22 млн 673 миң сомго жаңыланды. Көпүрө менен катар, дарыянын жээктери да бекемделди.

Эске салсак, узундугу 27 чакырымды түзгөн Кайтпас – Өтүкчу жолу Кадамжайдын Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарынан өтөт. Тагыраагы Кыргызстандын «Кайтпас» чек ара пунктунан башталып, Өзбекстандын Сох анклавына алып барат.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here