Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүп жатканын кабарлады.
Ошондой эле ӨКМ жарандарды сел коопсуздук эрежелерин сактоого, арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө, турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздоого, үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл бурууга чакырып, сел учурунда дароо коопсуз жайга кетүүнү, мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгууну эскертти.