Бажы кызматынан билдиришкендей, «Ж.Ж.М.» инициалындагы жарандын башкаруусунда «Ford Transit» үлгүсүндөгү автоунаасы текшерүүгө алынган.
Унаанын жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөө жана жүк коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 960 кг түзгөн «кургатылган көк чай» товарлары табылган.
Кармалган товардын баасы 273 600 сомду түзгөн.
Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа кармалып, «Кайырма+Дума» ЖЧКсынын жооптуу сактоосуна өткөрүлүп берилди.
Чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди — деп жазылат маалыматта.