Кечээ 14-июлда саат 18:15тер чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жеринде 25 куткаруучу сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми Кадамжай районунун Чаувай айылында 6 үйдур короосуна, 2 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, Кадамжай райондук ӨКБнөн ыкчам топ, Үч-Коргон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Лейлек районунда саат 21:30дар чамасында нөшөрлүү жаандан улам Бешкент айылында 7 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, 200 метр ички чарбалык арыкты кум шагылга толтурган. Мындан улам 7 куткаруучу, 1 мотопомпо тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда, — деп жазылат маалыматта.