Лейлек районунун Көк-Таш айылында милициянын аймактык пункттарынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, курулушу башталган имараттын бир тарабында милициянын уполномоченныйынын иш бөлмөсү, жарандарды кабыл алуу бөлмөсү болсо, ал эми экинчи тарабында үй-бүлөсү менен жашаганга толук шарты менен курулат.
Бул имараттын курулушун кыргыз милициясынын 100 жылдыгына утурлай ушул жылдын 1-ноябрына бүткөрүп, ишке берилүү пландалууда.