Баткендин Көк-Терек жерлигиндеги Тажикстандын Чорку айылын байланыштырган жолдо бир тараптуу каттам ачуу макулдашылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Баткен жана Исфара райондорунун акимдеринин жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматка караганда жолугушууда селден бузулган көпүрөнү оңдоо жана каттамды жүргүзүү үчүн убактылуу бир тараптуу жол салуу боюнча макулдашылды. Учурда эки тараптын жол тейлөө кызматынын техникалары жол ачуу жана тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.