Балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазалар күчөтүлдү

0
291

Мындан ары балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт.

Бул тууралуу КР Мыйзамына Президент Садыр Жапаров кол койгонун, Президенттин басма сөз кызматынан билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here