Баткенде балдары менен тилемчилик кылган 10 лөлү улутундагы жарандар аныкталды

0
491

10-11-август күндөрү Кызыл-Кыя шаардык милициясы жайкы каникул убагында кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-тилемчи” аталышындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын текшерүүгө алганда Ош шаарынан келген лөлү улутундагы 10 жаран жаш балдары менен кайыр-тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайрадан жашаган жерине жөнөтүлдү.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдарды кароосуз калтырган 3 факты аныкталып, Укук бузуулар кодексинин ата-энелик милдеттерден качуу беренесинин негизинде ата-энелерге протоколдор толтурулуп, айып салынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here