Айсулуу Тыныбекова 11:0, Эрназар Акматалиев 6:0 эсебинде атаандаштарын жеңди

0
492

Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медал тагынды.

Айсулуу Тыныбекова алгач казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда болсо сенегалдык атаандашы менен беттешип, 10:0 эсебинде утту.

Ал эми финалдык беттеште гвинеялык балбан менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.
Айсулуу Тыныбекованын бул байгеси Ислам оюндарындагы экинчи байгеси болду. Ал 2017-жылы да алтын медал тагынган.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев да аталган мелдеште эркин күрөш боюнча алтын медалдын ээси болду.
Эрназар Акматалиев жалпы 4 беттешке чыкты. Ал финалдык беттеште 6:0 эсебинде ирандык балбанды жеңди.

Аталган мелдеш Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу КР Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here