«Полит Узник» баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин Тергөө кызматына чакырылып, Facebook`ка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча жооп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды.
«Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат деп айтылат маалыматта.
Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин “Массалык башаламандык», «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, блогер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев да блогер Ырыс Жекшеналиев тараткан видео боюнча сурак бергенин Ички Иштер Министрлигинен билдирди. Белгилей кетсек, 14-августта блогер Ырыс Жекшеналиев «Полит Узник» деп аталган баракчасына Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоонун казылышына каршы видеосун чыгарган.