Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө токтотулду.Ал 24 күн изделди

0
511

Ысык-Көлгө чөккөн 4 жашар кызды издөө токтотулду. Ал 24 күн изделди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Издөө иштери,сууга чөгүп кеткен адамды издөөнүн 20-күнү токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат, деп айтылат маалыматта.

«Куткаруучулар жана суучулдар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүштү, суучулдар 20 метр тереңдикке киришти, көп сандаган куткаруу топтору тартылды. Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүштү,бирок натыйжа болгон жок» деп кошумчалашты.

Кыздын үй-бүлөсү куткаруучулары жок жапайы пляжда эс алгандыгын, муну менен коопсуздук эрежелерин бузгандыгын, ал күнү аба ырайы начар болгонун билдиришти.

Эске сала кетсек, 4 жаштагы кыз үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосундагы пляжда сууга чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, толкун агызып кеткен.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here