Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Анын алкагында Лейлек райондук милициясы Бешкент айыл аймагындагы жапайы кара куурай өскөн жерлерди тактап, жеринде өрттөп жок кылышты.
Аталган аймакта жалпысынан болжол менен 400 кгдай жапайы кара куурай өсүмдүгү өрттөлүп жок кылынды.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Баткен районунун аймагынан 9 гектар жер кароого алынып, 2200 кгдай жапайы өскөн кара куурай жок кылынган. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.