Зардалы айылына интернет жетти

0
642

Баткен районунун эң алыскы, тоолу Зардалы айылына интернет жетти. Бул тууралуу Кыргыз интернет коому маалымат таратты.

Аталган ишкана алгач Зардалыда күн панелин орноткон, ал айылдын чакан мектебин электр энергиясы менен да камсыз кылган. Натыйжада айыл интернетке туташтырылган.

Интернет желесине туташтырууда UNICEF уюму колдоо көрсөткөн.

«Мектептин интернетке туташуусу окуучулардын райондук же шаардык мектептер менен байланышта болуп сапаттуу, заманбап билим алуусуна өбөлгө түзөт», — деп белгиленет маалыматта.

Райондук администрациянын маалыматында Зардалы айылы район борборунан жүз чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда эки жүздөн ашуун калк жашайт. Алар негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет.

Белгилей кетсек, буга чейин тийиштүү мамекеттик органдар Зардалыга интернет жеткирүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр жок деп келишкен. Бул боюнча Баткен райондук администрациянын жетекчилиги менен байланышканыбызда, алар айылга кабелдик интернет эмес, Wi-Fi (зымсыз интернет) коюлганын билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here