Орусияда баласын сатууга аракет кылган Кыргызстандык аял кармалды

0
327

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз аял 300миң рублга баласын сатууга аракет кылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай,КРнын Екатеринбургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери РФнын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү менен жолугуу өткөргөн. Тергөөчүнүн маалыматында, кармалган аял Кыргызстандын жараны болуп саналат.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат жана бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге дайындалган.

Башкы консулдук бул окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барууда, ошондой эле КРнын шектүү жаранына адвокаттын жана котормочунун кызматтарын көрсөтүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here