Баткенде мурдакы күйөөсүнөн зомбулук көргөн келин милицияга кайрылды

0
1229

Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы келин, Кызыл-Кыя шаардык милициясына буга чейин ажырашкан күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылган.

Анда ал, 2022-жылдын 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ата” борбордук базарынын күн чыгыш тарабындагы талаага мурда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы жаран коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-жар айылына чейин жөө алып барганын билдирген.

Кызыл-Кыя милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы тургун Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 2022-жылдын 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя шаардык ички ишкер бөлүмүнө алынып келинди.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат деп билдирди Баткен облустук милициясынын басма сөз кызмат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here