Катуу сабалган жоокердин окуясы боюнча кылмыш иши токтотулду

0
283

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жоокеринин сабалышы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 8-августта Биринчи май райондук сотунда кабыл алынганын, аталган мекемеден билдиришти.

Анткени тараптар элдешкен.

Жабырлануучу тарап, айыпталуучуга дооматтары жок экенин билдирген. Буга байланыштуу соттун чечими менен Т.Жаныбек уулуна карата козголгон кылмыш иши токтотулду.
Белгилей кетсек,20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганы боюнча маалымдалган. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Беловодск айылындагы бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан.

Окуя боюнча жоокердин жакындары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына арыз менен кайрылып, жоокерге хомбулук көрсөткөн аскер кызматкерине чара көрүүнү суранган.
Ошол эле күнү топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми келишимдик негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. камакка алынган болчу.

Мурда ажырашкан күйөөсү аялына зомбулук көрсөткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here