Баткенге жаңы курулуучу мектепте Орусиялык мугалимдер билим берет

0
969

Баткен шаарына 1200 орундуу орус тилдүү мектеп курулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

10-августта Баткен шаарынын жетекчилери Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин эл аралык байланыштар башкармалыгын башчысы Радик Юлбаев жана Орусиядан келген өкүлдөрдү кабыл алышты. Жолугушуу орус тилдүү мектеп комплексин куруу үчүн бөлүнгөн жерде өттү.

Жолугушууда Орусия өлкөсүнөн келген эксперттер жакынкы аралыкта орус тилдүү мектептин курулушун баштоо ниетин билдиришти.

Буга чейин бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, мектеп куруу үчүн Чет-Булак кварталынан 2,6 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Бүгүнкү жолугушууда Орусиядан келген өкүлдөр мектеп куруу үчүн 3 га жер тилкеси керектигин билдиришти. Ошондой эле, жергиликтүү бийликтен курулуш учурунда электр энергиясы, интернет байланышы жана таза суу менен камсыздап берүү жагын сурашты.

Эгер жер маселеси чечилсе, быйыл курулуш иштери башталып, 1 жыл ичинде пайдаланууга берилээри айтылды.

Орусия тарабынан курулуп жаткан 1 миң 224 орундуу мектеп бардык шарттары менен комплекстүү курулат. Мектепке кошумча 2 спорттук зал, 1 кичи жана 1 чоң бассейн курулуп берилет. Мындан тышкары мугалимдер үчүн жатакананын курулушу да пландалган.

Мугалимдер Орусия өлкөсүнөн келип билим беришет. Орусиядан келген мугалимдер орус тили жана адабияты, математика, физика, химия жана башка предметтерден, ошондой эле, башталгыч класстарга сабак беришет. Ал эми кыргыз тили жана адабияты, тарых предметтеринен жергиликтүү мугалимдер кабыл алынат.

Бул мектепти аяктаган окуучулар Россия Федерациясынын аттестатын алышат. Ошондой эле Россиядагы жогорку окуу жайларга окууга тапшыра алат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here