Баткен жетекчилери Өзбекстанда иш сапарда болду

0
423

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган тийиштүү өкүлдөр Өзбекстан Республикасынын Фергана областынын Риштон районуна жумушчу сапар менен барышты.

Делегацияны Риштон районунун акими Субхонжон Солиев баштаган делегация жылуу маанайда күтүп алышты деп айтылат Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматында.

Баткенден барган жетекчилер Риштон районундагы завод фабрикаларга барышты. Иш сапардын алкагында эки тарап кызматташуу багытында келишимдерди түзүштү.

Баткен облусунун делегациясы 4-августта Ташкентте өткөн Өзбекстан региондор башчыларынын үчүнчү форумуна да катышышты. Аталган форум соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка приоритеттүү багыттар боюнча аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here