ЖОЖдордо бюджеттик негизде окуу үчүн 608 бош орун бар

0
303

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында 2022-жылдын 10-августу саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.

ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент тастыктады.

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14%ы пайдаланылды деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here