Селден улам каттам үзүлгөн болчу: Зардалы жолу ачылды

0
774

Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Адыбек Набиев баштаган жумушчу топ, Зардалы айылынын тургундарынан кабар алганы барышты.
Жетекчилер шарты катаал Зардалы айылынын тургундарынын жашоо шарты, ички жолдорунун абалы менен жеринен кабар алды.

Буга чейин белгилүү болгондой, болуп өткөн катуу жаандан улам 30 километрден ашуун ички жолду, көпүрөлөрдү сел алып кеткен болчу.

Бүгүнкү күндө тийиштүү техникалардын жардамы менен ички жолдор, көпүрөлөр оңдолуп, айыл тургундарына каттам берилди.

Район борборунан жүз чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылында эки жүздөн ашуун калк жашайт. Алар негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет деп айтылат, райондук бийликтин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here