Облустук милициядан билдиришкендей, өрттөлгөн кара куурайлар Кадамжайдын Молдо-Нияз айыл аймагынын Кайтпас, Айтилек, Алга, Чукур-Кыштак жана Ак-Турпак айыл аймагынын Өтүкчү, Кызыл-Коргон айылындарында кароосуз калган жерлерде, ээн талааларда, жана арык бойлорунда аныкталган.
“Жалпысынан 10ГА жер кароого алынып, 1300 кгдай жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Жогорудагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте 2 бригадага бөлүнүп иш алып барышты,” – деп жазылат милициянын маалыматында.