Эмгек жамаатында коррупциялык схема түзгөн жетекчи кармалды

0
1039

25-июлда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жаран Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору болуп эмгектенип турган.

Ал кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөн. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калуу фактысы документтештирилген.

Алынган далилдердин негизинде кармалган жаран тергөө абагына киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here