Ысык-Көлгө калдыктары кошулган мал союучу жай табылды

0
521

Жети-Өгүз районунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери сууну булгап жаткан мал союучу жайды аныкташты. Ысык-Көл облустук милициясынан маалымдашты.

Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайды аныкташкан.

Милиция кызматкерлери жайды текшерүү учурунда калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Касапкананын ээсинин айтымында, аталган жай эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөөрүн, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин билдирген.

Учурда райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here