Төрт-Гүл суу сактагычында  1500 метрден ашык браконьерлик торлор жок кылынды

0
537

Баткендин Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык браконьерлик торлор чогултулуп, жок кылынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана инспекторлору Төрт-Гүл суу сактагычында, Кожешкен, Ак-Суу жана Козу-Баглаң дарыяларынын жээктеринде мыйзамсыз балык уулоо фактыларын болтурбоо максатында рейд жүргүзүштү. Жыйынтыгында, төрт жарандын мыйзам бузгандыгы аныкталып, ар бирине 1000 сомдон айып пул салынып, 1010 сом доо коюлду. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here