Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Лейлек жана Баткен райондорунун эгин талааларында техник-айдоочулар менен жолугушуп, дан эгиндерин оруп-жыйноодо жана айыл чарба продукциясын камдоодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүүдө.
Бул иш-чаралар өрт коопсуздугун камсыз кылууга жана кырсыктарды алдын алууга багытталган– деп жазылат маалыматта.