Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы 375 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Ага ылайык, учурда курулуш иштеринин 58 пайызы аткарылып, жылытуу системасын, имараттын сырткы фасадын жасоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мектеп курулушу мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, 2022-жылы башталган. Билим берүү уюму эки кабаттан туруп, спорттук зал салуу да каралган, – деп жазылат маалыматта.