Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Бажчылар өзбек жаранынын башкаруусундагы унааны текшерүгө алышкан. Унааны текшерүүдө жүк коштоочу документтери жок жалпы салмагы 4640 кг түзгөн «күрүч» товары табылган.
Сүрөт:Бажы кызматы
Кармалган товардын базар баасы 1 миллион 624 миң сомду түзгөн.
Бул факты боюнча тийиштүү материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди — деп айтылат маалыматта.