Бул тууралуу облустук бийлик кабарлады.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун селден жабыркаган тургундарына жеткирилген гуманитардык жардамдын ичинде азык-түлүк, өздүк гигиена каражаттары, турмуш тиричиликке керектүү жана өзгөчө кырдаалдардан кийинки калыбына келтирүү мезгилинде зарыл болгон буюмдар бар.
28-июнда Ноокат районунунда сел келип, анда 10 адам каза тапкан. Алардын сегизи жашы жете электер.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына ылайык, ушул жылдын 20-апрелинен 1-июлуна чейин өлкөдө 17 адам селге агып каза болду. Ал эми 250 сел кырсыгы катталып, анын 71 учуру Ош облусунда, 66 учуру Баткен облусунда катталган.