1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, Баткен облустук милициясынын жетекчилиги, кылмышкерлердин колунан каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды.
Кызматкерлер милициянын старшинасы Кылычбек Ысманов, милициянын сержанты Гуламжан Бердалиев, милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин үй-бүлөсүнөн кабар алып, алардын балдарын майрамдары менен куттукташты.
Кызматкерлер балдарга шириндиктер менен белектерди берип, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалап мындан ары да милиция кызматкерлери тарабынан көңүл бурулуп, кам көрүлүптураарын билдиришти.
Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады