1-июнь күнү Баткен районунун Кара -Булак айылындагы Закир Абдикаримов атындагы орто мектебинде балдар аянтчасынын ачылуу аземи болду.
Балдар үчүн аянтча куруу демилгеси айылдын тургуну, ардагер мугалим Карамат Закировага таандык. Карамат апа айыл жеринде балдар үчүн шарттарды жакшыртуу максатында, демилге көтөрүп, каржы булактарын таап, 1-июнда балдарга белек кылуу максатын ишке ашырууга жетишти.
Аталган аянтча “Өзөк” коомдук фондунун колдоосу менен курулду. Курулушка 135 миң сом каражат жумшалган.
1-июнь балдарды коргоо күнүндө уюштурулган кубанычтуу саамалыкка жергиликтүу бийлик өкулдөру да катышып, балдарга оюнчуктар, демилгечилерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Балдар аянтчасынын ачылуусу, айыл тургундары, өзгөчө жаш балдар үчүн, жакшы жөрөлгө болду. Иш чара ыр бийлер менен коштолуп, майрам ээлери болгон бөбөктөргө жана айыл тургундарына майрамдык маанай тартууланды.