Балдарды коргоо күнүнө карата, Сүлүктү шаардык милиция кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы атайын көмөкчү мектеп интернатынын тарбиялануучуларын куттуктап, белектер менен шириндиктерди тапшырышты.
Аталган көмөкчү мектеп интернатында 6 жаштан 16 жашка чейинки 92 окуучу тарбияланууда.
Ата-эне мээриминен ажыраган өспүрүмдөргө, кызматкерлер жыл сайын колдон келген жардамдарын көргөзүп келет деп айтылат, облустук милициянын маалымат кызматы тараткан маалыматта.