1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Баткен шаарынын «Жениш» эс алуу сейил багында балдар үчүн майрамдык салтанат өттү.
Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, куттуктоолор айтылып, балдар үчүн концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле кызыктуу оюн-зооктор уюштурулду.
Шаардык мэриянын маалыматында,бүгүн майрамдын урматына, камкордукка муктаж жалпы 72 балага акалай жардам берилди.
Ошондой эле Баткен шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен, 300 балага, шаардагы Аква Парк эс алуу жайында майрамдоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.