Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүндө Кытайдын Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd компаниясы менен «Агро Баткен» ЖЧКсынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.
Маалыматка ылайык, аталган министрликте министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев менен кытай компаниясынын башкы директору Чу Цюшинин «Агро Баткен» ЖЧКсынын башкы директору Ж. Шакировдун жолугушуусу болду.
Ошондой эле тараптар кыргыз-кытай ишканаларынын ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоону талкуулап, продукциянын сапатын жана бардык зарыл эл аралык стандарттарды сактоо маселелерине көңүл бурулду.