Кадамжайда аткезчилик менен келген 2,5 тонна күрүч аныкталды 

0
314

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Кадамжай районунунан С.М.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Mercedes-Benz-1324 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Унааны текшерүүдө Өзбекстандан чыккан, жалпы салмагы 2500 кг түзгөң күрүч табылган. Мыйзамсыз ташылып келген товарлардын орточо базар баасы 194 миң 450 сомду түздү.

Аталган факты тиешелүү каттоодон өтүп, чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here