Жарандарга турак жай куруу үчун  жер тилкесин берүүнүн тартиби 

0
942

2024-жылдын 1-январынан 10-июнуна чейин облустук өкүлчүлүккө, жер маселеси боюнча 58 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу облустук бийликтен маалымдашты. 

Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкесин алуу укугуна Кыргыз Республикасынын ар бир жараны укуктуу. 

Жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык, өзү жашаган  аймакта үч жылдан кем эмес жашаган, мурда жеке менчик турак үй курууга берилген жер участогу жок, акыркы беш жылдын ичинде менчигинде турган турак жайды үчүнчү жактарга берүү иштерин жасабаган жаран болуусу шарт.

Турак үй курууга жер тилкесин алуу үчүн ар бир жаран  өзү жашаган айылдын айыл өкмөтүнө, шаардык мэрияга кайрылып, тийиштүү  документтерди тапшыруусу зарыл.

Белгилей кетсек, жеке турак жайларды куруу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жарандарына бир жолу акысыз берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here