Массалык түрдө кызамык жана кызылча ооруусуна каршы эмдөө жүргүзүлөт

0
559

Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.

13-июндан тарта массалык түрдө кызамык жана кызылча ооруусуна каршы эмдөө жүргүзүлөрү шаардык мэриянын жыйынында айтылды.

Белгилей кетсек, кызамык менен ооруган балдардын санынын өсүүсү өз убагында эмдөөдөн өтпөгөндүгү себеп болгон.

Медицина кызматкерлери көпчүлүк учурда диний көз караштагы жарандар балдарын эмдөөдөн өткөрбөй жаткандыгын жүйөө келтирди, бирок дин өкүлдөрү бул айыптоого макул эместигин билдирдиришти. Анткени эмдөөдөн өтүү боюнча атайын фатба чыкканын, эмдөөдөн өтүүгө өздөрү үгүт жүргүзүп келгендиктерин айтышты. 

Эске салсак, кызамык 6 айлык баладан 7 жашка чейинки балдар арасындагы коркунучтуу ооруу экендигин медицина кызматкерлери айтышат. Ага каршы эмдөөдөн өтүү менен гана сактануу керектигин белгилешти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here