Уурдалган козулар ээсине кайтарылды

0
334

Лейлек районунун Раззаков айылынын 27 жаштагы  тургуна Сүлүктү шаарындагы Майтонбоз жайытында жайгашкан короосунан белгисиз адамдар койлорун уурдап кеткендигин билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 4 баш койду козулары менен, белгисиз адамдар короосунунун кулпусун бузуп уурдап кеткендиги аныкталат.

Сүлүктү шаардык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Сүлүктү шаарынын эки тургунун аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизет.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган  жарандар былтыркы жылы да бодо мал уурдап сатып жүргөндүгү белгилүү болот. Ал эми 8 баш уурдалган койлор өз ээсине милиция кызматкерлери аркылуу кайтарылды, деп  билдирет Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here