Шарты жок мектепте ийгилик жараткан сүрөтчүлөр

0
2719

 

Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп интернатынын окуучусу Руслан Балтабаев, жакында эле Казакстанда өткөн, экология темасындагы,  эл аралык онлайн сынакка катышкан. Анда Русландын Баткендин суу таңкыстык  көйгөйүн чагылдырган эмгеги, биринчиликти багындырган.

Ийгилик жараткан дагы бир жаш сүрөтчү Райхан Данияр кызы, мындан бир ай мурда Бишкек шаарында өткөн республикалык сынакта экинчи орунду ээледи. Ал өз эмгегинде толеранттуулук темасын чагылдырган.

Руслан менен Райхан билим алган көркөм сүрөт мектеп интернатынын дагы башка бир катар  окуучулары, үстүбүздөгү жылдын февраль айында өткөн  республикалык фестивалда, 1-2-3- орунду  ээлегенин мектеп директору  Ибрагим Калбердиев, сыймыктануу менен белгиледи. Ал окуучуларынын эмгектери, Анталияда, Израилде , Румынияда, Беларусияда өткөн эл аралык көргөзмөлөрдө да жогору бааланганын,  дүйнөлүк музейлерде ордун тапканын, Кыргызстанда өткөн көчмөндөр оюндарында байгелүү орундарды багындырганын кошумчалады.

Таланты таш жарган окуучулар учурда  Баткен шаарындагы эскилиги жеткен имаратта билим алып, жашап келишет. Облус аймагынан чогулган өнөрлүү балдарга  жетиштүү шарты бар имарат курулса деген мектеп директорунун аракетинен майнап чыкпай келет.

Ибрагим Калбердиев, шартыбыз талапка жооп бербейт, өнөрканабыздын абалы өтө начар, китепкана, медициналык пункттар үчүн кааналар жок, эмеректерибиз да өтө эле эски, орто мектептерден пайдаланылган эмеректерди алганбыз, алардын көпчулугу жараксыз. Тилекке каршы жаңы имарат курулса деген аракетибиз ишке ашпай келет, дейт.

Белгилей кетсек, Баткен облустук көркөм сүрөт интернаты мындан 16 жыл мурда, белгилүү скульптор, Кыргыз Эл Баатыры Тургунбай Садыковдун колдоосу менен ачылган. Азыркы учурда мектепте 57 окуучу билим алууда.

Айжамал Абдикаарова.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here