Кыргыз өкмөтү кризиске каршы планын бекитти

0
343

“Республиканын эгемен тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржы ресурстары менен бекитилип жатат жана декларативдүү мүнөздү камтыбайт. Биз дүйнөдөгү абалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү каатчылыктан чыгарып кетүүгө күчүбүз жетет. Биз мындан дагы жаман абалга даярбыз”, — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда.

-Антикризистик планда, баалардын кескин көтөрүлүшүн  болтурбоо үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу,.

-улуттук вальюта менен алынган насыяларды конвертациялоо,чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын ташуучуларды чет элдик валюта менен камсыздоо

-апрель айынан тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү, пенсия, жөлөк пул, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө 35 млрд сомго жакын каражат бөлүндү

-өнөктөш өлкөлөр менен импорттук-экспорттук операцияларды улуттук валютада жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

-ата мекендик товарларга ички суроо-талапты өстүрүүгө түрткү берүү боюнча чаралар кабыл алуу

-мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо чаралары каралган, кризиске каршы иш-чараларды каржылоого каражаттарды кайра багыттоо менен 30%га чейин оптималдаштыруу жактары каралган.

Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинен маалымдашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here