КОIКА уюму Баткенге 70млн сомдук жардам көрсөткөн

0
766

Президенттин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлү Абдикарим Алимбаев Кореянын KOIKA эл аралык уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда  облустун айыл чарба тармагын жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

Облус башчысынын сөзүнө таянсак,“Корея эл аралык кызматташтык агенттиги 2015-жылдан бери Баткен облусунун аймагында көптөгөн социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырып келет.

Жалпысынан КОICA Баткен облусуна 69 млн. 748 миң сомдук колдоо көрсөтүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошууда.

Абдикарим Алимбаев, KOICA тарабынан, Баткен облусунун айыл чарба секторун өнүктүрүү багытында даярдалып жаткан чоң долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна жана зор экономикалык мааниге ээ болооруна ишеничин билдирди, деп айтылат маалыматта

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here