Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Өзбекстан Республикасынан келген делегация менен жолугушту.
Кошуна өлкөнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кыргыз-өзбек элинин ортосундагы достукту бекемдөө, кызматташтыкты чыңдоо туурасында сүйлөшүлдү деп айтылат аталган мекеменин маалыматында.
Жолугушууда Баткен облусуна курулуп жаткан 330 орундуу эки мектептин курулуш иштери туурасында да сөз болду.
Анда Лейлек районунун Маргун айылындагы мектеп 2022-жылдын 1-апрелине жана Самаркандек айылындагы мектептин курулуш иши 1-майга бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри айтылды.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен Жогорку Кенеште, “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралып, жактырылган.