Депутаттар автоунаанын айнегин карангылатууну колдоду

0
421

Жогорку Кеңеш 17-марттагы жыйынында Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга  уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Долбоор такси,жүргүнчү  ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга тийиштүү эмес. Учурда Кыргызстанда  автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.

Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал.

Министрлер кабинети иштеп чыккан бул долбоорду Жогорку Кенеш колдоду, эми ал Президенттин кароосунда болот.

Белгилей кетсек азыркы учурда  терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here