Чек ара:Алты саатка созулган сүйлөшүү,эмнелер талкууланды?

0
352

2022-жылдын 12-март күнү Тажикстан Республикасынын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуу саат 10:00дөн башталып 16:00гө чейин улантылды.Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, КР ИИМ орун басары генерал- майор Абдиев Нурбек Такабаевич жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Ал эми тажик тараптан Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, ошондой эле жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты сактоо жолдору талкууланды деп айтылат маалыматта.

Ал эми эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Ражаббой Ахмадзоданын сүйлөшүүсүнүн жүрушүндө 4 маселе каралды:
1)Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери
Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
2) Чек арага жакын жайгашкан айылдарда Коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча ( милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик, тургундарга түшүндүрүү иш чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө.
3) Чек арада катталган мал уурдоо боюнча: тез арада маалымат алмашып, мал ээсине малдарды толук кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү
4) Дрон (БПЛА) чек ара аймактарында учурууга тыюу салуу маселеси каралды.

Ал эми эки тараптын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселе өзүнчө каралды деп айтылат облустук акимчилиик тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here