Чоң-Талаа айылында жаңы балдар бакчасы ачылды

0
614

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылында балдар бакчасынын ачылуу аземи болуп өттү.

34 орундуу балдар бакчасынын ачылуу аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Балдар бакчасынын ачылуу аземинде, район акими Учкунбек Жоробаев республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, келечек муундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ар бир айылдарда балдар бакчасын ачууга шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Белгилей кетсек райондун аймагында жалпы 46 балдар бакчасы бар. Анда 3983 бала тарбияланат.
Чоң-Талаа айылы Тажик Республикасынын Исфара районунун Ляккан айылы менен чектешет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here